Коом

ИИМ: Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 10 ай ичинде 8360 кылмыштын бетин ачышкан

Кечээ, 10-ноябрь күнү милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кесиптик майрамы белгиленди. Аймактык ыйгарым укуктуу кызматтары ички иштер органдарынын тутумунда маанилүү орунду ээлейт. Аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан өздөрү тейлеген аймактарда коомдук тартипти сактоо жана алдын алуу иш чараларын жүргүзүп, жергиликтүү тургундардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечип беришет.


Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иш жүзүндөгү жогорку ролун белгилей кетүү керек, алар калк менен түздөн-түз байланышта иштешет, чоң көлөмдөгү алдын алуу иш чараларын жана административдик көзөмөлдү жүзөгө ашырышат.
Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар дайым мыйзамдуулукту жана тартипти сактоодо, бул кызматтын натыйжалуулугу көбүнчө ички иштер органдарынын бүтүндөй ишмердүүлүгү тууралуу коомдук пикирди калыптандырат.
Калк аларга ар кандай көйгөйлөрүн чечүүдө жардам сурап жылдын кайсы убагында болбосун кайрылышат, жарандарыбыздын укуктарын коргоо, укук тартибин сактоо боюнча милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө зор жоопкерчилик жүктөлөт.
2023-жылдын 10 айында ИИМдин ККК аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан 8360 кылмыштын бети ачылып, аймактык соттор тарабынан каралган мыйзам бузуу фактылары боюнча 4676 протокол түзүлгөн.
Кошумчалай кетсек, республиканын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 10 айдын ичинде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан 57 миңден ашык протоколдор түзүлгөн.
Салынган айыптын суммасы 83 миллион 597 миң сомдон ашты. Ал эми, өндүрүлгөн айып пулдун суммасы 66 миллион 537 миң сомдон ашты.
Чогулган каражаттын баары мамлекеттик бюджетке түшөт.
Үстүбүздөгү мезгилдин ичинде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан калкка 5 миң 483 билдирүү жасалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button