Окуялар
Ош шаарында ири көлөмдөгү алтын буюмдарды уурдоого шектелген кыз кармалды

Ош шаарында алтын буюмдарды уурдоого шектелип 2008-жылы туулган кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү көп кабаттуу үйдө чогуу жашаган аялга таандык, жалпы баасы 467 245 сомдук алтын буюмдарын уурдаган деп шектелүүдө.Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.



