Окуялар

Караколдо жүк ташуучу унаа менен электроскутер кагылышып, 70 жаштагы тургун каза тапты

Каракол шаарында жүк ташуучу унаа менен электроскутердин катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 70 жаштагы жаран каза болду.

Маалыматты Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) басма сөз кызматы тастыктады. Кырсык 11-ноябрда болгон. 46 жаштагы HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Карасаев көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө бурулуп жаткан учурда, ошол эле багытта бара жаткан электроскутер жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткенКырсыктын кесепетинен 70 жаштагы жаран окуя болгон жерден каза болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button