
Жубайы Айгүл Жапарова менен Елисей сарайында Эммануэль Макрондун кабыл алуусунда болду;
ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле менен жолугушуп, Кыргызстандын мындай уюм менен иш алып барууга даяр экендигин билдирген;
Андан соң Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 42-сессиясында сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды тоо экосистемаларын сактоо үчүн өздөрүнүн конкреттүү милдеттенмелерин киргизүүгө чакырган;
Жапаров дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүндө операция жүргүзгөн ири мунай-газ компаниясынын өкүлү, «Total Energies Renewables» компаниясынын вице-президенти Фабьен Демоль менен жолугуп, Кыргызстанда компаниянын филиалын ачууну сунуштаган;
Андан кийин президент эки өлкөнүн 50дөн ашык компаниясынын ишкерлери катышкан биринчи кыргыз-француз бизнес-форумуна барган;
«EDF» компаниясынын башкы директору Люк Ремонго компанияны Чаткал дарыясына биргелешип ГЭС курууну сунуштаган.
@abal-kg



