Коом
Кытайда каза болгон Бексултандын сөөгү Кыргызстанга алынып келди

Кытайда Кыргызстандын жараны жол кырсыктан каза болду, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
1999-жылы туулган маркум Бексултан Шадыкановдун сөөгү бүгүн, 23-апрелде эртең менен Кыргызстанга алынып келип, туугандарына өткөрүлүп берилди.
«Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн зарыл болгон консулдук-укуктук жана башка керектүү жардам көрсөттү. Бул процедура катаал карантиндик чектөөлөр шартында жүргүзүлдү. Ошондой эле түз аба каттамы жок болчу», — деп айтылат маалыматта.



