Коом
Кыргызстанда 1xBet онлайн кумар оюндарына тыюу салынды

Бул туурасында Финкөзөмөлдүн башчысы Марат Пирназаров билдирди.
Анын айтымында, 1xBet буга чейин букмекердик контора катары иштеп келген. Бирок анын лицензиясы чакыртып алынган, бүгүнкү күндө бизде иштебейт.
Депутат Мирлан Самыйкожо бул онлайн казино мамлекеттик иш-чараларга канча жолу, канча суммада демөөрчү болгонун сурады эле, жооп бере алган жок.
Ал эми Эрулан Көкүлов аны улуттук көк бөрү оюнунда дагы жарнама кылып жатышканын сындады.



