Окуялар

УКМК: Threads социалдык тармагында массалык башаламандыктарга чакырык жасаган колдонуучу кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны К.Н.Б. кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Threads социалдык тармагында үзгүлтүксүз чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү жарыялап, массалык башаламандыктарды уюштурууга, мыйзамсыз массалык акцияларга катышууга, зордук-зомбулукка, мүлктү жок кылууга, өрт коюуга жана башка мыйзамсыз аракеттерге чакырыктарды тараткан.

Ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган материалдарды жарыялаганы айтылды.Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандын жашаган жеринен электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар жана кылмыш ишине тиешеси бар башка буюмдар алынган. Алар боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.

УКМКнын маалыматына ылайык, сурак учурунда К.Н.Б. мурда аныкталган мыйзамга каршы мазмундагы жарыялоолорго тиешеси бар экенин мойнуна алган.

Учурда ал КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

УКМК жарандарга массалык башаламандыктарды уюштуруу, ага чакырык жасоо жана интернет аркылуу адамдарды мыйзамсыз массалык акцияларга тартууга багытталган материалдарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button