Караколдо шаардык пляж жаңыланып ачылды

Кечээ, , 26-июлда, Каракол шаарындагы жаңыланган пляж пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаанын мэриясынан билдиришти.
Пляж «Shirshov Фонд» коомдук фондунун каржылык колдоосу менен реконструкцияланган. Долбоордун алкагында көлдүн жээги тазаланып, кум жаңыртылды. Ошондой эле сейилдеп, эс ала турган жерлер, чайкануучу кабиналар, кийим алмаштыруучу жайлар жасалып, балдар жана спорт аянтчалары орнотулду. Мындан тышкары, аймак жарыктандырылып, видеокөзөмөл камералары коюлду.
«Бүгүнкү күндө көрүп турган жыйынтыктын артында чоң команданын эмгеги турат. Фонддун жетекчилигине жана кызматкерлерине, куруучуларга, долбоорлоочуларга, муниципалдык кызматтарга жана бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон ар бир адамга терең ыраазылык билдирем», — деди Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов.
Иманов муниципалитет аталган фонд менен биргеликте келечекте мектеп, бала бакча, парктарды жана башка коомдук мейкиндиктерди куруу планы бар экенин кошумчалады.
Эске салсак, «Shirshov Фонду» Каракол шаарын өнүктүрүүгө жалпысынан болжол менен 7 миллиард сомго жакын инвестиция салууну пландаштырууда.



