Коом

Ысык-Көлдүн жээгинде коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүлдү

Туристтик сезон маалында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого багытталган профилактикалык иш-чараларды күн сайын өткөрүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, куткаруучулар облустун бардык райондорундагы пляждарда жана эл көп чогулган эс алуу жайларында жарандар, туристтер жана аймактын коноктору менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Алар эс алуучуларга сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоо, атайын чектен ары сүзбөө, балдарды кароосуз калтырбоо, мас абалында сууга түшпөө, ошондой эле сапборд, кайык, гидроцикл жана башка сүзүү каражаттарын пайдаланууда этият болуу зарылдыгын эскертишүүдө. Ошондой эле аларга куткаруучу жилеттерди милдеттүү түрдө колдонуу сунушталууда.

Мындан тышкары, куткаруучулар суу техникаларын ижарага берүүчү жайлардын ээлери жана кызматкерлери менен да профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө. Аларга ар бир кардарга куткаруучу жилет берүү, сууга чыгар алдында коопсуздук боюнча нускама өткөрүү жана коопсуздук талаптарын бузган адамдарга суу техникаларын пайдаланууга жол бербөө талаптары түшүндүрүлүүдө.

ӨКМ белгилегендей, мындай иш-чаралардын негизги максаты – суудагы кырсыктардын алдын алуу, коопсуз эс алуу маданиятын калыптандыруу жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун сактоо.

Министрлик өлкө тургундарын жана конокторун жеке коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга, суудагы жүрүм-турум эрежелерин сактоого жана куткаруучулардын сунуштарын так аткарууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button