ИИМдин БЖМККК: 3 жылда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү аркылуу акча каражаттарын легалдаштыруу фактылары аныкталган

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын тарабынан баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн натыйжасында (баңги лабораториясы катары жабдылган 2 турак жай), 20 млн 605 миң 466 сомду легалдаштыруу (адалдоо) боюнча 8 факты аныкталды, андан тышкары 3млн 160 миң 800 акча каражатына 4 автоунаа.
Баңги заттарды контрабандага жана ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды транзитине бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖККК тарабынан үч жыл ичинде баңгизаттарды «көзөмөлдөп жеткирүү» ыкмасы менен 27 ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 301 кг 874 грамм баңги каражаттары жана психотроптук заттар алынган. Алардын ичинен героин-74кг808гр., апийим-8кг.913гр., гашиш-172кг.480г., марихуана-2кг624г., психотроптук заттар-42кг518гр., гашиш майы-531гр.
Акыркы үч жылдын ичинде республиканын аймагында калкты 900 миңге жакын адамды камтыган 735 түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Студенттердин жана мектеп окуучуларынын арасында баңги каражаттарынын адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү жана бош убакытты туура пайдалануу боюнча жалпы 523 лекциялар окулду. Дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын пропагандалоо боюнча 212 спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.
Ата-энелер, мугалимдер жана жаштар арасында Баңгизатка каршы маалымат берүүчү материалдарын жайылтуу менен кеңири масштабдуу акциялар уюштурулуп өткөрүлгөн:
Мугалимдер үчүн эскертме «Жаңы психо-активдүү заттар» 10 миң нуска, ата-энелер үчүн «Өспүрүмдөр арасында баңгиликти жана таксоманиянын алдын алуу» 10 миң нуска, мектеп окуучулары жана жаштар үчүн «Биз-дени сак Кыргызстан үчүн» буклет 10 миң нуска, «Унчукпай, кайда баңгизатын соода кылышаарын айт» аттуу баракчалары 10 миң нускада даярдалып таратылган.
Мындан тышкары, мамлекеттик тапшырмаларды аткаруу жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, КРнын ИИМдин БЖМККК тарабынан 6 укуктук актылар иштелип чыккан. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин төрагалыгы астында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин отурумдары өткөрүлүп турат. Үч жыл ичинде 3 отурум уюштурулуп, анын жүрүшүндө баңгизатка каршы программасынын аткарылышы жана аны андан ары ишке ашыруу жөнүндө мамлекеттик органдардын аткарган иштери каралган.



