Коом

«Бишкек Аренада» өтүүчү концертке көрүүчүлөрдү 250 шаттл-автобус жеткирет

Бүгүн, 18-сентябрда «Бишкек Аренада» чет элдик артисттердин катышуусунда концерт өтөт. Иш-чара саат 19:00дө башталат.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, көрүүчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн стадионго борборлоштурулган каттам уюштурулат.

Шаттл-автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү беш жерден каттайт:

№1 — «Асанбай» кичирайону, А. Токомбаев көчөсү, 3/7 — «Бишкек Арена»;

№2 — Матиев көчөсү, Алтымышов көчөсү, 98/1 — «Бишкек Арена»;

№3 — Жаштар кварталы, Малдыбаев көчөсү, 275/Б — «Бишкек Арена»;

№4 — Т. Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсү, 284 — «Бишкек Арена»;

№5 — «Ынтымак» паркы — «Бишкек Арена».

Көрүүчүлөрдү ташуу үчүн жалпысынан 250 шаттл-автобус тартылат. Концерт аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да уюштурулат.

Ошол эле учурда 18-сентябрда шаардык коомдук транспорт кадимки тартипте иштейт. Каттамдардын саны кыскартылбайт, иштөө режими өзгөртүлбөйт жана коомдук транспорттун жүрүшү токтотулбайт.

Көрүүчүлөрдүн саны көп болору жана иш-чара иш күнүнө туш келгенине байланыштуу мэрия шаар тургундарына сапарларын алдын ала пландап, жолдо жүрүү убактысынын көбөйүшү мүмкүн экенин эске алууну сунуштады.

Ошондой эле айрым райондордо транспорттук жүк көбөйүп, жол кыймылына убактылуу өзгөрүүлөр киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button