Коом

Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн адистештирилген колл-борбор иштей баштады

Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн туристтик милициянын колл-борбору ачылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын эң негизги милдети – ар бир меймандын коопсуздугу жана ыңгайлуулугун камсыздоо. Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы бардык маселелерде жардам көрсөтүүгө, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө жана облустун аймагында тартипти катуу көзөмөлдөөнү камсыз кылат.

Туристтик-экологиялык милициянын адистештирилген колл-борбору туристтер үчүн төмөнкү байланыш номерлери аркылуу жеткиликтүү:

  • телефон: +996 705 009 102
  • WhatsApp: +996 705 009 102

«Ысык-Көлдөгү эс алууңуздун ар бир көз ирмеминен ырахат алыңыз. Биз сыймыктануу менен бардык коноктор үчүн жогорку деңгээлдеги кызматты жана колдоону улантабыз», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button