Коом
Акылбек Жапаров бала бакчалар эки сменге өтөрүн айтып, бийлик балдарды “багуудан” баш тартарын белгиледи

“Биздин позиция — бала бакчаларды куруу, китептер менен камсыздоо, бирок балдарды багышыбыз керек, түштө тамак беребиз, уктатабыз, анан кечинде атасы алып кетет деген философиядан баш тартып атабыз. Түшкө чейин бир балдар келип мектепке даярданат, түштөн кийин экинчи сменага башкалар келе тургандай болот. Ошондой бала бакчаларга биз колубуздан келген жардамдын
баарын беребиз. Жергиликтүү бийлик да, ата-энелер да ушуга кошулуш керек”, — деди Жапаров.
Ал Кыргызстандагы балдардын 24%ы гана бала бакчага барарын, андан көрө ошону көбөйтүү керектигин билдирди.



