Коом

Түптө изделип жаткан карыянын сөөгү суудан табылды

Түп районунда изделип жаткан 78 жаштагы карыянын сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 21-ноябрда саат 16:20лар чамасында ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адиси жана Түп районундагы куткаруучулар Түп суусунан адамдын сөөгүн дрон аппаратынын жардамы менен табышты.

Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү үйүнөн чыгып дайынсыз болгон 78 жаштагы адамдын туугандары издешкен. Андан натыйжа болбогондуктан 19-ноябрда ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнө кайрылышып, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button