Коом

Кыргызстандык окуучу Мээрим Турдумахаматова экспедиция менен Түндүк уюлга барды

Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова россиялык атомдук муз жаргыч менен эл аралык экспедицияга кошулуп, Түндүк уюлга барды.

Саякатты «Росатом» мамлекеттик корпорациясы колдоп берген.

Кыргызстандык окуучу «Росатомдун» «Билимдин муз жаргычы» эл аралык илимий агартуучулук долбоорунун алкагында уюштурулган сынакка катышып, 827 адамдын ичинен жеңүүчү деп тандалган.

«50 лет Победы» деп аталган муз жаргычтын бортунда бул сапар ар кыл мамлекеттерден келген таланттуу окуучулар болду.Эл аралык тандоо жолу менен 22 мамлекеттен 5000 окуучу уникалдуу кеме менен саякаттоого мүмкүнчүлүк алган.

«Өспүрүмдөр муз жаргыч кеме менен он күндүн ичинде Мурманск — Түндүк уюл — Франц-Иосиф жери — Мурманск багыты боюнча саякаттап келишти. Түндүк уюлга жеткенде алар тегерете туруп, бийлешти. Салтанаттуу иш-чара Башкыртстандан келген AY YOLA музыкалык тобунун аткаруусундагы чыгармалардын коштоосунда өттү», — деп «Росатом» билдирди.

Экспедиция учурунда балдар россиялык белгилүү жазуучу Сергей Лукьяненко менен биргеликте илимий-фантастикалык аңгеме жаратышты. Эми ал социалдык тармакка жарыяланмакчы.

«Билим муз жаргычы» долбоорунун катышуучулары үчүн заманбап аэрокосмостук лабораториянын базасында мазмундуу илимий-агартуу программасы уюштурулду.

Анын алкагында мектеп окуучулары менен окумуштуулар биргеликте эки уникалдуу тажрыйбаны жасашты. Алар Арктиканын жетүүгө кыйын болгон аймактарында жана Түндүк деңиз жолунун каттамдарында байланышты камсыз кылуучу радиозондду учурушту. Балдар ошондой эле дүйнөдө биринчи жолу кайтып келүүчү стратосфералык платформаны сыноодон өткөрүү ишине катышты.

«Росатом» жана анын мекемелери билим берүү, илимий-агартуучулук жана маданий демилгелерди колдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле алар россиялык ЖОЖдордун базалык кафедраларын түзүүгө, стипендияларды колдоо программаларын, ири масштабдуу билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана алардын келечекте жумушка орношуусуна шарт түзүү үчүн студенттерге практика жана такшалууларды уюштуруп келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button