Окуялар

Ош шаардык кеңешинин депутаты бала бакчага жумушка орноштуруу үчүн пара алган деп шектелип кармалды

Ош шаардык кеңешинин депутаты Ч. З. А. бала бакчага жумушка орноштуруу үчүн пара алган деген шек менен милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, окуя 17-августта болгон. Ош ШИИБдин тергөө кызматы пара алуу фактысы боюнча депутат Ч. З. Аны кармаган. Ал шаардагы бала бакчалардын биринин директору болуп иштеп келген.

Тергөөнүн жүрүшүндө жергиликтүү тургун бала бакчага тарбиячы болуп жумушка орношууга аракет кылганы аныкталган. Бала бакчанын директору жана шаардык кеңештин депутаты Ч. З. А. андан 25 миң сом талап кылган.

Аял 20 миң сомду инисинен карыз алып, Ч. З. Анын жеке эсебине которгон. Жумушка орношкондон кийин дагы 5 миң сомду директорго берген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү Ч. З. А. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button