Коом

Кыргызстанда микрокредит алган адамдардын саны 12%га көбөйдү

Быйылкы жылдын январь-сентябрында микрокредиттик компаниялар тарабынан 37 миллиард сомго жакын кредит берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Жогоруда айтылган сумманы 533 миңден ашуун адам алган. Насыя колдонгон калктын саны өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 12 пайызга, ал эми берилген каражат 29 пайызга көбөйгөн.

Алар акчанын дээрлик жарымын керектөө муктаждыктарына, 23 пайыздан ашыгын айыл чарба ишмердигин өнүктүрүүгө жумшашкан.

Ал эми насыяны убагында төлөө деңгээли 90,9 пайызды түздү. Бул былтыркыдан эки пайызга төмөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button