Саясат

Кыргызстан менен Армения бир катар эки тараптуу документтерге кол койду

Бүгүн, 17-октябрда Ереван шаарында президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кабыл алынган документтердин тизмеси:

Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Ереван шаарынын (Армения Республикасы) ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашиняндын биргелешкен билдирүүсү;

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Армения Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы 2027–2029-жылдарга кызматташуу жөнүндө жол картасы;

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндөмеморандум;

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Армения Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Армения Республикасынын Эмгек жана бакубаттуулук министрлигинин ортосундагы Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Армения Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандуму;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

Тектеш кабарлар

Back to top button