Коом
Кадамжайда адашып калган бөбөк милициянын жардамы менен ата-энесине өткөрүлүп берилди

Кадамжай шаарынын борборунда жаш кыз адашып калгандыгы боюнча 102 номерине чалуу келип, ошол эле замат Кадамжай РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөрү чыгып, кызды бөлүмгө алып келип, ата-энесин издейт. Кадамжай РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү ыкчам иштерди жүргүзүп, эки саат аралыгында кыздын ата-энесин аныктап кабар берет.
Белгисиз себептерден үйүнөн ойноп жатып чыгып кеткен 4 жаштагы кыз милиция кызматкерлери тарабынан ата-энесине аман-соо өткөрүлүп берилет.
Кыздын ата-энеси кызынын табылганына сүйүнүп, милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирди.



