Коом

Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын бөлүм башчысы менен дарыгерди кызматтан четтетти

Бишкекте колун сындырып алган 38 жаштагы киши каза болгон. Анын жубайы №4 шаардык оорукананын дарыгерлерин күнөөлөп жатат. Айтымында, күйөөсү 7-ноябрда столдон кулап колун сындырып алган. Ооруканада колуна гипс коюп, травматология бөлүмүнө жаткырылган. Бейтап колу чыдатпай ооруп, нөөмөттөгү дарыгерлерге кайрылган, бирок дем алыш болгондуктан, алар палаталык дарыгерди күтө турууну айтып, ооруну басаңдатуучу укол сайып турушкан. 13-ноябрда УЗИ гипс коюлганда кан тамырлар кысылып калганын көрсөткөн. Бейтаптын абалы начарлап, 14-ноябрда колун ампутациялоого туура келген. Тилекке каршы, ошол эле күнү кечинде реанимацияда каза болгон. 

Ал эми дарыгерлердин айтымында, бейтап дем алыш күндөрү ооруканада калуудан баш тарткан. Эртеси, 8-ноябрда, бейтап кайрадан ооруканага жаткырылып, 13-ноябрга операция дайындалган. Бирок бейтап үйүнө кетип калган. 

Буга байланыштуу саламаттык сактоо министри бүгүн ооруканага барып,  кызматтык иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарын угуп, дарыгерлерди өлүмдүн себептери такталганга чейин кызматтан бошотту. Азыр гистологиялык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Маркумдун артында төрт баласы калды. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button