Ири алдамчылыкка шектүү кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ири алдамчылыкка шектүү адам кармалды.

Буга чейин борбор калаанын тургуну Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына алдамчылык жолу менен мүлкүн алдырып жиберген фактысы боюнча чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.
2021-жылы ага бир жаран унаа алмаштыруу сунушу менен кайрылган. Пайда табасын деген кооз убада берип, ишенимге кирген жаран баасы 18000 АКШ доллары турган «БМВ Х6» маркасындагы унааны алдоо жолу менен ээлеп алган. Андан кийин унааны башка адамдарга сатып жиберген. Айткан убадаларына ишенип, жабырлануучу дагы эки жыл күтүп, андан кийин гана укук коргоо органдарына кайрылган.
Аталган факты боюнча Биринчи май райондук ичики иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КИББдин экинчи башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында алдамчылык аракеттерине тиешеси бар деген шек менен мурда бир нече жолу соттолгон С.В. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жаран УКЖга киргизилген. Сот тарабынан бөгөт коюу чарасы №1 тергөө абагына камакка алуу түрү тандалды.
«БМВ Х6» автомашинасы унаа токтотуучу жайга коюлду. Тергөө иштери жүрүп жатат.



