Коом
Ош базарындагы 33 медициналык жай текшерилип, 21и жабылды

Бишкектин Санэпидкөзөмөл борбору саламаттык сактоо министри, ЖК депутаттары менен биргеликте рейдге чыгышканын билдирди. 25 стоматологиялык, 4 гинекологиялык, бирден косметологиялык, терапевттик, ийне сайуу кабинетине жана 1 медициналык борборго барышкан.
Натыйжада 33 медициналык жайдын 32си укук бузганы аныкталып, 116 миң сом айып салынды. Анын ичинен 21 кабинет лицензиясыз иштеп жаткан. Ишине тыюу салынганына карабай, бейтаптарды тейлей берген 13 жайдын материалы милицияга өткөрүп берилди.
«Аламүдүн» базары жакта 11 стоматологиялык кабинеттин төртөөнүн гана лицензиясы болгон. Калганы 35 миң сом айыпка жыгылып, иштешине тыюу салынды.



