Коом

Ала-Букада таштандыдан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүлө баштайт

Жалал-Абаддын Ала-Бука айылында таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын ачылышы 26-ноябрда болуп өткөн. Бул ишкананын курулушу облустун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 18 млн 540 миң сом бөлүнгөн. Ага катар жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом жана 8 гектар жер берилген

Бул чакан ишкана Ала-Бука жана ага коңшу айылдардан, эки тоо кен компаниясынан чыккан таштандыларды кайра иштетет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалган

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button