Коом

Ошто унаа башкарган 7-класстын окуучусунун атасына 15 миң сом айып салынды

Ошто айдоого укугу жок өспүрүмгө унаа бергендиги үчүн атасына 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда 7-класстын окуучусу жаш балдарды салып алып, күбөлүгү жок унаа башкарып жатат деген видео тараган.

«Бул маалымат боюнча Ноокат районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, унааны таап, айдоочусу жаш өспүрүм болгондуктан, ага унааны башкарууга бергендиги үчүн атасына 15 миң сом айып салынды. Ал эми унаасы айып короо жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ ата-энелерден балдарды кароосуз калтырбоону жана айдоочулук күбөлүк алмайынча аларга унаа каражатын башкарууга бербөөнү өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button