Класста 50 окуучу. Мектепте бир балага канча чарчы метр аянт бөлүнүшү керек?
Мектептеги класстардын тардыгынан балдарга аба жетишпей, гипоксия өнүгүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди.
Ал билим берүү жана илим министри Докдуркүл Кендирбаевадан мектепте бир балага канча чарчы метр бөлүнүшү керектигин сурады.
“8 метр”, — деп жооп берди аткаминер.
“Туура эмес, анда ар бир класс футбол талаасы болушу керек. Эмерек коюлган бөлүгүн эске албаганда бир окуучуга 2,5 чарчы метрден аят туш келиши шарт. Бирок биздин класстар тар. 50 бала аба жетпей, чарчап олтуруп, кантип сабакты түшүнөт?”, — деди ал.
Белгилей кетсек, өкмөттүн 2016-жылы кабыл алган (№201) «Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптары» токтомуна ылайык окуу кабинеттеринин аянты окуучуга 2,5 чарчы метрден кем эмес, ал эми жеке сабактарды уюштурууда бир окуучуга 3,5 чарчы метрден кем эмес болушу абзел.



