Коом

Акыйкатчы Таласта бир да тергөө абагы жок экени айтты

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Талас областындагы убактылуу кармоочу жайга кармалгандардын шарты менен таанышуу үчүн барды. Бул тууралуу Акыйкатчынын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 32 адамды кармоого ылайыкташкан убактылуу кармоочу жайга барган кезде  анда 19 шектүү бар экен. Убактылуу кармоочу жай ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) короосунда, бирок өзүнчө имаратта жайгашкан.

Акыйкатчы камераларга тандап кирип жана кармалгандар менен маектешти. Башкы укук коргоочуну ИИБдин башчысы коштоп жүрдү.

Ошондой эле Акыйкатчыга кармалгандарды сейилге алып чыга турган жайды көрсөтүштү.

ИИБдин башчысы Азенбек Козукеев Талас областында тергөө абагы жок экенин, ошондуктан айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайда кармалышаарын белгиледи.

Акыйкатчы Министрлер кабинетин Талас областына камалгандардын кармоо шарттары эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык келе турган тергөө абагынын курулушун карап көрүүгө чакырат, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button