Коом

Милиция кызматкерлери Токтогулдагы малдарды уурдагандарды кармады

Жалал-Абад облусунда “Мал уурулук-ветеринардык көзөмөл” ыкчам -алдын алуу иш-чараларынын алкагында мал уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.ц


Ушул жылдын ноябрь айында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө сарайдан төрт баш бодо жана майда малды уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен жергиликтүү эки тургун кайрылган. Натыйжада, мал ээлерине ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси “Уурдоо” боюнча кылмыш иши козголгон.


Жогорудагы рейддин жүрүшүндө Токтогул райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан мал уурдоого тиешеси бар адамдар аныкталып, убактылуу кармоочу жайга кармалышкан. Алар, Токтогул районунун тургундары 1998-жылы туулган К.Ж., 2002-жылы туулган К. Б. жана Чүй облусунун Москва районунун тургуну 2002-жылы туулган А. А.


Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн биринин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 2 ок атуучу курал, ошондой эле бычак жана башка буюмдар табылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Алынган маалыматтар боюнча кылмышка шектүүлөр түн жамынып жергиликтүү тургундун сарайына кирип, койлорун алып кетишкен. Ал эми, бодо малды жайыттан уурдап кетишкен.
Көп өтпөй алар ээн талаада уурдалган малды союшуп, жиликтешкен. Иликтөө иштеринин башында окуя болгон жерди текшерүү учурунда ири мүйүздүү малдын териси табылган.


Андан сырткары, ал жерден далил катары буюм табылып, анын жакында эле сатылып алынганы, ошондой эле анын товардык маркасы (товарларды идентификациялоо жана эсепке алуу үчүн пайдаланылуучу код) бар экендиги белгилүү болгон. Бул буюм контролдук-кассалык техниканы (ККТ) колдонгон соода түйүндөрүнүн биринде сатылып алынгандыктан, милиция кызматкерлери сатууну кайсы жерде жана качан болгондугун аныктоого мүмкүнчүлүк алышкан.

Андан тышкары, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул товарды кимдер сатып алгандарын аныкташкан. Соода түйүндөрүндө орнотулган видеокамералар келген сатып алуучуларды тартып алышкандыктан. Ошондон кийин ыкчам кызматкерлер шектүүлөрдүн изине түшүшкөн.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөр айдап жүргөн “ВАЗ” үлгүсүндөгү унаа аныкталган.

Бул унаа айып короого коюлду. Кармалган топтун ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.
Малдарды уурдоо учурунда шектүүлөр үй жаныбарларына каршы ок атуучу курал колдонгону тууралуу маалыматтар бар.
Соттун чечими менен кармалган адамдарга карата бөгөт чарасы тандалып алынган.
Белгилей кетсек, мал чарбачылык менен алектенүү айыл жергесиндеги элдин киреше табуунун негизги булагы болуп эсептелет. Мал уурдоонун мындай фактылары жарандарды негизги киреше булагынан ажыратат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button