Коом

Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына жаңы авиакаттам ачылды

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Чэнду — Бишкек — Чэнду багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн элчилиги кытай тарап менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 12-декабрдан тартып жаңы үзгүлтүксүз авиакаттам ачыла турган болду. Коңшу өлкөнүн Loong Air авиакомпаниясы жумасына эки жолу (шейшемби, ишемби) каттайт.

Учуу убактысы жергиликтүү саат боюнча көрсөтүлгөн. Чэнду (09:15) — Бишкек (12:50), Бишкек (13:50) — Чэнду (20:35).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button