Окуялар
Индияга турист катары барган кыргызстандык аял каза болду

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
5-январда Индиядагы элчиликке Ришикеше шаарындагы отелдин номеринен асынып калган кыргызстандык аялдын сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн.
Калаанын полициясы Кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын баштады.
“2024-жылдын 8-январында маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди”, — деп айтылат маалыматта.
Индиялык ЖМКлар 32 жаштагы аял туристтердин тобу менен өлкөгө 12-декабрда киргенин жазды.
@abal-kg



