Коом
«Абдыш-Атага» энергетикалык суусундуктарды жарнамалаганы үчүн айып пул салынды

«Абдыш-Атага» энергетикалык суусундуктарды жарнамалаганы үчүн айып пул салынды
«Абдыш-Ата» ЖЧКсына энергетикалык суусундуктардын жарнамасын тараткандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган кызматка Бишкектеги азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринде Nitro энергетикалык суусундуктарынын тышкы жарнактары таратылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
«Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Тышкы жарнамада энергетикалык суусундуктардын жарнактары таркатылбашы керек. «Абдыш-Ата» ЖЧКсына айып салуу боюнча токтом чыгарылды», — деп билдирди Монополияга каршы орган.



