Коом

Милиция кызматкерлери айдоочуларды кардын туткунунан куткарууда

12-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунун айрым аймактарында катуу кар жаап, аба-ырайы кескин өзгөргөндүктөн, көптөгөн айдоочулар оор кырдаалга туш болушту.


Милиция кызматкерлери транспорт каражаттарынын жана атайын техниканын айдоочуларына, анын ичинде жол кыймылын кыска мөөнөткө чектөө аркылуу зарыл болгон жардамдарды көрсөтүшүүдө. Жолдордун кар тыгыны пайда болгон тилкелеринде Ысык-Көл ООИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлору күнү-түнү нөөмөттө турушат.


Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы бардык айдоочуларды аба ырайынын начар шарттарында өтө этият болууга, Жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана башка жол кыймылынын катышуучуларына урмат көрсөтүүгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button