Коом
Түркияга визасыз режим кыргызстандыктар үчүн 180 күнгө чейин узартылышы мүмкүн

Мындай сунушту элчи Руслан Казакбаев Түркия ИИМинин орун басары Мехмет Акташ менен жолукканда айтты. Учурда кыргызстандыктар бул өлкөдө 90 күн визасыз жүрө алат.
Ошондой эле Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү, ал жакта мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарга айыпсыз жана тыюу салуусуз чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берүү өтүнүчү айтылды. Түркия тарап бул сунуштарды карап чыгабыз деп убада берди.



