Коом

“ Арабдардан үй алып берем… ”Ош шаардык милициясы алдамчылыкка шектүү дагы бир аялды кармады

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Ноокат районунун аймагында жашынып жүргөн жеринен алдамчылыкка шектүү катары  Араван районунда туулган  А-ва М. аттуу аялды кармады. (мурдагы аты-жөнү  Т.кызы А.) 

   Шектүү А-ва М. Ош шаарынын жана Ноокат районунун аймагында убактылуу батир жалдап, жашап туруп, жарандарга “арабдардын атайын фонудан үй алууга көмөктөшөм” деп алдоо жолу менен ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткен.   Бүгүнкү күндө 12 жабырлануучу арыз менен кайрылган.  Алардын эң аз сумма бергени 10 миң доллар, эң көп акча берген жабырлануучу 12 млн сом жана 20 миң доллар берген.  Эн көп сумма берген жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө: “Арапдар майыптарга, жесир аялдарга жана көп балалуу аялдарга жардам катары бекер турак үй алып берип жатат. Сизге ошолордон үйлөрдү  алып беремин” деп акча алган. Ошол  боюнча  үйдөн дагы, акчадан дагы дарек жок. А-ва М. изин жашырып качып кетти”,-деп маалымат берген. 

 Учурда шектүү  А-ва М. үстунөн кылмыш кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүүнүн баш коргоо чарасы бүгүн 13-декабрда Ош шаардык соту тарабынан каралат. 

  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү бул шектүү аялдан жабыркагандар болсо 03222-4-82-82 жана 0707-49-14-49 номерлерине байланышка чыгып коюуну суранат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button