«Кыргызтопчу» ЖЧК 1 млн сомго келишим түздү

«Кыргызтопчу» жоопкерчилиги чектелген коому менен «Кыргыззоот» жана «Кыргызсоода» ЖЧКлары ортосунда жалпы суммасы 1 миллион сомдук келишим түзүлдү.
Ал эми «Кыргызстиль» компаниясы менен түзүлө турган келишим учурда каралууда.
«Кыргызтопчу» ишканасы Кыргызстандагы тигүү аксессуарларын, тагыраагы: топчу жана сыдырма-бүчүлөрдү өндүргөн алгачкы жана жалгыз ишкана. 2023-жылдын март айынан тарта ишке кирди.
Өндүрүшүнүн көлөмү жылына 12 миллион метр сыдырма, 5 тонна же 10 000 000 даана топчуга жетет.
Белгилей кетсек, «Кыргызтопчу» ишканасы 2022-жылдын март айында «Кыргызиндустрия» ААКнун базасында түзүлгөн.
«Кыргызиндустрия» ААК — Кыргызстандын экономикасынын өнөр жай секторун өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга адистешкен алдыңкы өнөр жай компаниясы болуп саналат.
«Кыргызиндустрия» ААКнун уюштуруучусу жана жалгыз акционери — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.





