Пайдалуу кеңештер

Бактылуу болуу үчүн үч адаттан баш тартуу керек

Мындай кеңешти психиатр Хавьер Кинтеро бергенин Deia басылмасы жазды.

Биринчиден, адис өткөндү ойлой берүүнү токтотууга чакырды. Анын айтымында, мурда кабыл алынган чечимдерди, сүйлөшүүдө айтылып кеткен туура эмес сөздөрдү жана кетирилген каталарды өзгөртүү мүмкүн эмес. Өткөнгө байланып калуу адамда күнөө сезимин, өкүнүчтү жана көңүл калууну жаратып, алдыга жылууга тоскоол болот.

Экинчиден, дарыгер келечек үчүн ашыкча тынчсызданбоону сунуштады. Анткени мындай жүрүм-турум катуу стрессти жаратат. Анын айтымында, адамдар кооптонгон нерселердин 85 пайызы эч качан ишке ашпайт. Бирок адамдын акылы мүмкүн болгон көйгөйлөрдү жана ийгиликсиздиктерди элестетүүгө көп энергия коротот.

Үчүнчүдөн, адис башка адамдар ички боштукту толтуруп же бардык көйгөйлөрдү чечип берет деп күтпөөгө чакырды.

«Сиздин ордуңузга эч ким бактылуу боло албайт. Бакыт адамдын ичинен башталат», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button