
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.
Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.
Делегат Асанбек Абдыкапаров туу маселесин көтөрүп, залда отургандар уу-дуу болушту.
«Туу жөнүндө 1-2 ооз сөз айтып коеюн. Туу кабыл алынган жылдан бери ар кандай талкуулар болуп келет. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш жакшылап изилдеп, туу чечим кабыл алат деген ишенимдемин», — деди делегат.


