Коом

Ысык-Көлдө 47 жаштагы жарандын үйүнөн ок-дарылардын арсеналы табылды — ФОТО

Ноябрь айынын орто ченинде Ак-Суу РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине райондун тургундарынын бири өз үйүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.  

Маалымат райондук милициянын КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө тапшырмаларын аткаруунун жүрүшүндө, Ак-Суу РИИБдин ЭММКАК ыкчам кызматкерлери маалыматта көрсөтүлгөн адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал, Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы Д.Т. аттуу тургуну болуп чыкты жана анын жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 2 даана «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдары, 10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги октор, 1 даана бычак, 1 окуу гранатасы жана баштыка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган  өсүмдүк алынган. . Алдын ала таразага тартуу учурунда алынган кургатылган өсүмдүктүн салмагы 1 килограмм 250 граммды түздү.

Соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.

Тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button