Коом

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары тергөө абагынан чыкты

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков тергөө абагынан чыгарылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, 13-июнга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

13-апрелде атайын кызматтын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин орун басары Тимур Шабданбеков жана комитеттин бир нече кызматкери кармалган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып, №1 тергөө абагына камалган болчу.

Тектеш кабарлар

Back to top button