КоомМаданият

Улуттук Гвардияда Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына арналган театрлаштырылган иш-чара өттү

2023-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-июндагы №353 тескемесине ылайык “Кыргыз тили жана Чынгыз Айтматов ааламы” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлык планын алкагында Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргызстандын Баатыры залкар жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгына арналган театрлаштырылган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Улуттук гвардиянын кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин астындагы Улуттук маданий борборунун башкы адиси Нарынкул Шералиева, Ч.Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, Манас театрынын өкүлдөрү жана аскер кызматчылар катышты.

Иш-чаранын алкагында Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма менен башталып, “Кылым карытаар бир күн”, “Ак кеме”, жана башка чыгармаларынан жоокерлер сахналаштырылган үзүндүлөр аткарылды. Андан соң сөзүнө жазылган ырлар, анын чыгармаларын негизинде коюлган тасмаларга арналган С.Бейшекеевдин аткаруусундагы ырлар аткарылды. 

Иш-чаранын аягында келген коноктор каалоо тилектерин айтып ыраазычылык билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button