Коом
Кувейттен Бишкекке келген дарыгерлер балдарга акысыз операция жасашат

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, чет өлкөлүк медиктер (18 дарыгер, 10 медкызматкер) Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 16-майга чейин көрүү органдарында, бет-жаак түзүлүшүндө, табарсыгы менен жыныс органдарында патологиясы бар балдарга операция жасашат.



