Коом

Ала-Тоо аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы реконструкцияланат

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы реконструкцияланат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан Ала-Тоо аянтында герб түшүрүлгөн ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыяланган.

Бирок, катышуучулардын эмгектеринин сунушталган варианттары талаптарга жана эстетикалык дизайнга жооп берген жок.

Буга байланыштуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында ыкчам тартипте Ала-Тоо аянтындагы ардактуу кароол үчүн жылытуу шарттары бар кабинанын жаңы дизайны иштелип чыкты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясына КР Мамлекеттик гербинин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев гербди жана ардактуу кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен кайрылган. Кайрылууда кабинанын эскиргендиги жана гербдин сүрөтү өчүп жаткандыгы белгиленген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button