Франциянын премьер-министри Элизабет Борн отставкага кетти

Президент Эммануэль Макрон аткаминердин отставкасын кабыл алып, ага иши үчүн ыраазычылык билдирди. Жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин Борн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу макамда болот.
Элизабет Борн 2022-жылы май айында премьер-министрлик креслону ээлеген. Ага чейин ал бир нече министрлик кызматтарды алмаштырган. Ал Франциянын тарыхында өкмөт башчы иштеген экинчи аял.
Макрон X социалдык тармагы аркылуу Борнго: «Сиздин аткарган ишиңиз эл үчүн үлгү болду», — деп кайрылды.
Борн премьер-министр болгон учур Франция үчүн оңой болгон жок. Пенсия реформасы, мигранттар кризиси жана жалпы кымбатчылык өкүм сүрүп турду.
2027-жылы боло турган президенттик шайлоого ишенимдүү баруу үчүн Макрон азыртадан экономика жана ички саясат чөйрөсүндө жөндөмдүү өкмөттү түзүшү керек.
Эммануэль Макрон кийинки премьер-министр катары кайсы саясатчыны көрөрүн айткан жок.



