Дүйнө

Бишкектин айрым аймактарында 9-11-сентябрда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

«Бишкекгаз» газ кызматы төмөнкү басымдагы газ түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу 9-сентябрдан 11-сентябрга чейин Васильев, Ганди, Можайский, Манас, Саадаев көчөлөрү, ошондой эле Витебский, Белоозерский жана Бреславский көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын маалымдады.

Иштер Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүүдө. Бул борбор калаадагы жолдорду реконструкциялоо иштерине байланыштуу.

«Бишкекгаз» жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ берүү токтотулган мезгилде абоненттерден энергиянын альтернативдүү булактарын пайдаланууну өтүндү.

Белгиленген иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүү жана коопсуз болушун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button