Коом

Аскерге баруунун ордуна альтернативдүү кызмат өтөгөндөрдүн саны көбөйдү

Кыргызстандыктар аскерге баруунун ордуна альтернативдик кызматка акча төлөөнү туура көрөт.

Финансы министрлигинин маалыматында, 2023-жылы аскерде кызмат өтөөгө байланыштуу төлөмдөр 31,2 пайызга көп чогулган. 2022-жылдын 11 айында 772,6 миллион сом чогулса, 2023-жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 14,2 миллин сомго жетти.

Белгилей кетсек, альтернативдик кызматтын акысы көтөрүлгөн эмес. Демек өткөн жылы аскерге чакырылган жарандардын көбү акча төлөп кутулууну туура көрүшкөн. Учурда акысы 18 миң -50 миң сом өлчөмүндө.

Коргоо министрлигинин маалыматында, аскерге чакырылган 40 миң жарандын 25 миңи альтернативдүү жолду тандайт.

2023-жылы аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтүн 14 айга чейин узартылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button