Коом

ЖК комитети инвесторлорго жер берүү мыйзамын биринчи окууда жактырды. Шарттары

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди инвесторлорго 50 жылга чейин берүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети биринчи окууда жактырды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, документ негизинен өлкөгө инвестор тартууга багытталган. Ага ылайык, жер участогу алгач 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Кийин бул мөөнөт 25 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Эгер инвестор инвестициялык келишимде каралган милдеттенмелерин талаптагыдай аткарып, жерди андан ары пайдалануу зарылдыгы болсо, жалпы пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин жетиши мүмкүн.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү жергиликтүү ишкерлерге да жер маселесинде жеңилдиктерди берүү, жерди пайдалануу мөөнөтү жана жерди мамлекетке кайтаруу кепилдиктерине байланыштуу маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында комитет айтылган сунуштарды эске алуу шарты менен мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button