Коом

Кыргызстанда 128 мектеп авариялык абалда

Кыргызстанда 128 мектеп авариялык абалда деп таанылды. Алардын ордуна жаңы мектеп имараттарын куруу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги мектептердин санариптик картасын түзгөн. Анда жаңы билим берүү мекемелерине муктаж аймактар кызыл зона менен белгиленген. Учурда Бишкекте 20, Ошто 10, Манаста 6 мектептин курулушу жүрүп жатат.

«Авариялык абалдагы 128 мектептин ордуна жаңы мектептерди куруу чечими кабыл алынган, каржылоо булактары аныкталды», — деди Кендирбаева.

Каржы министринин орун басары Умутжан Аманбаев авариялык мектептерди реконструкциялоо боюнча мамлекеттик программа иштелип жатканын билдирди.

Курулуш иштери республикалык бюджеттен «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржыланат. Анын айтымында, көйгөйдү үч-төрт жылдын ичинде чечүү пландалууда.

Ошондой эле Аманбаев 40 мектеп боюнча долбоордук-сметалык документтер жана техникалык-экономикалык негиздемелер буга чейин даярдалганын белгиледи.

Депутат Уланбек Жаанбаев аткаминерлердин билдирүүлөрүн сынга алды. Анын айтымында, 2017-жылы эле авариялык деп табылган айрым мектептер азыркыга чейин иштеп жатат, ал эми айрым объектилер боюнча долбоорлор да жок.

«Бири-бирибизди алдабайлы. Мен айтып жаткан авариялык мектептер боюнча долбоор да жок. Баарын ачык, кандай болсо ошондой айталы. Маселе ордунан жылган жок», — деди депутат.

Кендирбаеванын айтымында, Билим берүү министрлиги авариялык мектептердин такталган тизмесин Курулуш министрлигине жөнөткөн.

Аманбаев 128 мектепти реконструкциялоо мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлөрүн, ал эми депутат белгилеген айрым объектилерди каржылоо үчүн кошумча каражат булактары изденип жатканын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button