Коом

Операцияны үйдө жасагандар кармалды

Чүйдө чет өлкөнүн жараны өзүнүн мекендешин өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип кармалды. Ошондой эле жабыралануучуга үйүндө операция жасаган хирург кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-декабрда болжол менен саат 17:00 чамасында Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында үй салып жаткан чет өлкөнүн 2 жаранынын ортосунда уруш чыккан. Анын бирөөсү экинчисин бычак менен төшүнө, кабыргасына жана далысына 3 жолу бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Окуя тууралуу уккан бригадир кылмышты жашыруу максатында жабырлануучуну ооруканага алып барбай, укук коргоо органдарына кабар бербей, үйүнө алып барган. Андан соң ал Улуттук госпиталдын оториноларингология, баш моюн хирургиясы бөлүмүнүн клиникалык ординатору менен макулдашып, жабырлануучуга үйдө 15 миң сомго операция жасоого макулдугун берген.

8-январда жабырлануучу качып чыгып, Чүй ОИИБге кайрылып, жардам сураган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары чет өлкөнүн 2 жараны кармалган. Ошондой эле алардын бригадири, чет өлкөлүк 8 жаран жана хирург тергөөгө жеткирилген. Тергөөнүн аякташы менен алардын ар биринин кылганына укуктук баа берилет. Тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button