Окуялар

Баткенде турак үйдөн өрт чыгып, 33 жаштагы жаран каза болду

Баткенде турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 07:14тө Баткен районунун Кызыл-Бел айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 07:16да Баткен шаарында жайгашкан №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылган. Ал эми экинчи күжүрмөн эсеп саат 07:57де тартылган. Саат 08:50де курчоого алынган тилсиз жоо саат 10:26да өрт толугу менен өчүрүлдү.

Тилекке каршы өрт чыккан жерде бир жаран каза болгон. Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каза болгон жарандын сөөгү 1991-жылы туулган А.Б экендиги аныкталган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button