Кыргызстан Россияга 3,5 эсеге көп автомобиль жеткирди
Кыргызстан Россиянын автомобиль жеңил унаа импортерлорунун тизмесинде экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу «Акчабар» маалымат порталы жазды.
Маалыматта соңку бир жылда Россияга 1 миллиондон ашык жеңил унаалар алынып келинип, анын көбү Кытайдан ташылганы айтылат.
Өткөн жылдын декабрь айында Кытай жалпы импорттун 76,1%ын түзгөн. Кытайдан кийинки орунда 17,4% менен Кыргызстан турат.
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 11 айында Кыргызстандан Россияга 4,2 млрд сомдук жеңил унаалар экспорттолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 эсеге (1,2 млрд сом) көп.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылы орусиялык автонасыя алуучулар Кытайда чыгарылган унааларга суроо-талапты дээрлик төрт эсеге көбөйткөн. Жылдын акырына карата банк тарабынан берилген бардык жаңы автонасыялардын 60%га жакыны кытайлык бренддерге туура келген.



