Тарыхтагы эң коркунучтуу, 100 миңдеген адамдардын өлүмүн алган жер титирөөлөр качан жана кайда болгон? Тизме

Жер шарынын жана адамзаттын тарыхында эң күчтүү, коркунучтуу жер титирөөлөр өткөн кылымдарда болгон. Анда жүз миңдеген адамдар каза болуп, чоң шаарлар талкаланып, жер алдында калганы айтылат.
Мисалы, бул жерде эң чоң жер титирөөлөр:
• 1290-жылы Бохайван булуңунун аймагында (Кытай) 100 миңге жакын адам каза болгон,
• 1556- жылы Шэньси провинциясында — 830 миң адам,
• 1737-жылы Калькуттада (Индия)– 300 миң адам,
• 1908-жылы Мессинада (Италия)– 120 миң адам,
• 1923-жылы Токиодо – 143 миң адам,
• 1976-жылы Таншань шаарында (Кытай) — 240 миңге жакын адам,
• 1999-жылы Түркияда – 40 миңге жакын адам,
• 2001-жылы Индияда – 30 миңге жакын адам,
• 1988-жылы Арменияда — 25 миңге жакын адам.
Улуу Кытай жер титирөөсү (кытайча: 嘉靖大地震) 1556-жылдын 23-январында Шэньси провинциясында болгон. Ал болжол менен 830 000 адамдын өмүрүн алып, бул адамзат тарыхындагы башка жер титирөөлөрдөн көп деп айтылат маалыматта. Шэньсидеги жер титирөөнүн очогу Шэньси провинциясындагы Вэй дарыясынын өрөөнүндө, Хуасянь, Вэйнань жана Хуайин округдарына жакын жерде болгон. Хуасянда бардык имараттар талкаланып, калктын жарымынан көбү өлгөн. Жер титирөөнүн очогунда 20 метрлик тешиктер жана жаракалар ачылган. Кыйроолор жер титирөөнүн очогунан 500 чакырым алыстыкта жайгашкан аймактарга таасирин тийгизген. Шэньсинин кээ бир райондору толугу менен талкаланып, башкаларында калктын 60%ке жакыны өлгөн. Жабыркагандардын мындай саны облустун калкынын басымдуу бөлүгү биринчи жер титирөөдөн кийин урап түшкөн. Ошол кырсыктан кийин да алты ай бою жер титирөөлөр айына бир нече жолу кайталанып турганы айтылат.



